КЕМИН ТООСУ
КЕМИН ТООСУ , Т а з а К е м и н – Иле Ала- Тоосунун түш. тармагы, Түн. Теңир-Тоодо. Кемин р-нунун аймагында. Кичи Кемин, Тегирменти-Суу (Чоң Кеминдин оң куймасы) сууларынын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышты карай Чүй д-на чейин 36 кмге созулуп, чыгыштан батышты карай жапыздайт. Чүй д-нын сол жээгиндеги орогр. уландысы – Терек-Жон ж-а Окторкой тоолору. Эң жазы жери 10 км, орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 3884 м. Негизинен протерозойдун башталышында пайда болгон гранит, гнейс-гранит, гранит пегматити ж-а калыңдыгы 4606 мге чейин жеткен гнейс, мигматит, сланец, кварцит, мрамор тектеринен түзүлгөн. Чыгышы бийик тоолуу, батышы орто бийиктеги тайпак тоо. Чыгышына альп рельефи мүнөздүү: тоо кырлары бийик, аска-зоокалуу, байыркы муздуктун издери кездешет. Тегирменти суусунун башында майда мөңгүлөр бар. Тоонун батыш бөлүгү – горст; түн. ж-а түш. капталдары тектон. жаракалар м-н чектелген. Кыры – тайпак денудациялык түздүк. Негизги ашуулары: Кашка-Жол, Жол-Булак, Үч-Булак. Ландшафтында талаа ж-а шалбаалуу талаа (1600–1800 м), бадалдуу шалбаа (2500–2600 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3100–3200 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө ж-а түш. капталында (Тегирменти сайында) карагай токою бар. Жайыт ж-а чөп чабынды катары пайдаланылат.