КЕМПИР МУШТУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 14 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМПИР МУШТУМ , б ө л т ү р ү к (Аnabasis) –өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун уруусу.
Чала бадалча же көп жылдык чөп. Жалбыра­гы кыска, калың же майда түрпүчөдөй, туш­таш жайгашат. Гүлү эки жыныстуу, 5 мүчөлүү, жалгыздан же 2–6дан топтошуп, жалбырак колтугунан орун алат. Мөмөсү – жемиштей. Анын 30дан ашык түрү Испания м-н Түндук Аф­рикадан Борбордук Азияга чейин таралган. КМШ өлкөлөрүндө 30га жакын, Кыргызстанда 8 түрү өсөт. Орто Азиянын чөл ж-а адырларында, тоонун как­соо беттеринде кездешет. Айрымдарынын тоют ж-а дарылык мааниси бар.