КЕМИН
КЕМИН (мурда Б ө р ү б а й, К о ё н д у, Б ы ст р о в к а аталган; 1992-жылдан Кемин) – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы шаарча, райондун ж-а Кемин шаарча кеңешинин борбору. Чүй д-нын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы автомобиль ж-а т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 1120 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок ш-нан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-ж. пайда болгон. 1954-жылдан

шаарча. Калкы 8,2 миң (2009). Т. ж. бекети. Шаарчада «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть ж-а газ» биргелешкен ишканасы, о. эле а. ч. азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан ө. ж. ишканалары иштейт. Кесиптик-тех. окуу жайы, 3 орто ж-а муз. мектеп, бала бакча, бейтапкана, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепкана, 2 мад-т үйү, кинотеатр, мейманкана ж. б. бар. О. эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санит.-эпидемиол. станция, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресторан, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш-
та курман болгондорго ж-а Шабдан баатырга
эстелик тургузулган.