КЕЛИН
КЕЛИН , к е л и н а л у у – 1) уулунун же инисинин аялы; жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги; 2) турмушка жаңы чыккан келинчек. Келин алуу атайын каада, жөрөлгөлөр менен коштолот. Келин келгенде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, Келиндин оозуна май салышкан. Үйгө келинди абышкасы кайтыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. Келин босогону аттаганда үйгө жүгүнүп кирет, отко май тамызылат. Бул келиндин баскан жолу жакшы болсун деген тилек, каалоо. Андан кийин кайын энеси (же башка аял) келинге ак жоолук салат. Күйөөсү жок аял келинге жоолук салбайт.