КЕЛЕМИШТЕР
КЕЛЕМИШТЕР, к е л е с т е р (Rattus) – кемирүүчүлөрдүн чычкандар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 8–30 см, куйругу денесинен узун же кыска. Тумшугу учтуу, кулагы калдагай, 70тей түрү белгилүү. Алардын 280дей түрү Азия ж-а Африканын тропик токойлорунда, ошондой эле адам м-н кошо бардык жерге таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: боз келемиш, кара келемиш ж-а түрк келемиши кездешет. Түрк келемиши Борбордук Азияда, Кыргызстандын тоолуу токойлорунда жолугат. 3–4 айлыгында жетилип, ургаачысы жылына 2–4 жолу тукумдап, 1–17 бала тууйт.
Келемиштер өсүмдүк м-н, кээси эт жечүлөр, көбү ылгабай азыктанат, күүгүмдө, түнкүсүн активдүү. Ийинге, коңулга 20 кгга жакын азык ташып, кышка камдайт, айдоого зыян келтирет. Келемиштер жугушту оорул- ардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр.