КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК
КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК – 1) кол эмгегине негизделген майда өндүрүш; ири машина индустриясы пайда болгонго чейин ө. ж. буюмдарын колго жасоо. К. ө. байыркы заманда эле пайда болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында ү й К. ө., ө т ү н ү ч К. ө. ж-а б аз а р К. ө. болуп бөлүнөт. Үй К. ө. өз керектөөсүн камсыз кылуу үчүн буюм жасайт. Ал чарбанын башка тармагынан бөлүнбөстөн, өндүрүштө эмгектенген адамдардын жардамчы кесиби болгон.
Үй К. ө. натуралай чарбага таандык болуп, анын элементтери м-н өсүп-өнүккөн. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн өнүгүшү натуралай чарбаны бүлүндүрүп, К. ө-тү көбөйтөт. Ал а. ч-дан бөлүнүп, өтүнүч ж-а базар кол өнөрчүлүгүнө ажырайт. Өтүнүч кол өнөрчүлүгү – устанын же кардардын өз сырьёсунан буюм жасоо өндүрүшү. Бул учурда кол өнөрчүлөр а. ч. ишинде көп иштегени м-н ө. ж. эмгегин аткаруучу бөтөнчө топко
айланат. Базар кол өнөрчүлүгү – майда товар
өндүрүшү. Кол өнөрчү буюмду керектөөчүгө жерг. базарда же соодагер аркылуу сатат. О. эле Россияда да дыйкан кол өнөрчүлүгү, шаар кол өнөрчүлүгү сыяктуу К. ө-түн түрлөрү болгон; 2) уста,
уз, зергерлердин байыртадан муундан муунга мурас катары өткөн асем буюмдарды жаратуучу кесиби; улуттук мад-ттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, калк казынасы, чеберчиликтин натыйжасы. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү мал чарбачылыкка байланыштуу, көчмөн
турмуштун негизинде өнүккөн. К. ө-тө жүн, тери, кыл, мүйүз, сөөк, жыгач, чий, темир, күмүш, жез, калай, акак, таш, шуру, мончок, седеп ж. б. кеңири колдонулган. Өсүмдүк тамырынан, кабыгынан ж-а жалбырагынан боёк даярдап, анык чеберлер таң каларлык буюмдарды жаратышкан. К. ө-түн түрлөрүнө: оймочулук (шырдак, жабык баш), саймачылык (жүз аарчы, суу жоолук, белдемчи, туш кийиз), зергерчилик (шакек, сөйкө, билерик, чолпу, кемер кур, ат жабдыктары), мүйүзчүлүк (кыз-келиндердин асем буюмдары, тарак, абалак, чакча), жыгаччылык (боз үй жасалгалары, үй эмеректери, ат жабдыктары, комуз), кырмачылык (идиш-аяктар ж. б.),
чырмакчылык (чыгдан, канат чий), темирчилик (тулга, капкан, ооздук, тогоо ж. б. ат жабдыктары), түймөчүлүк (тегирич, чачы), өрмөчүлүк (камчы, жүгөн, куюшкан, басмайыл, көмөлдүрүк, чидер), өрмөкчүлүк (таар, шалча, чепкен, кап), бычмачылык (кийимдер), куракчылык (жер төшөк, туш кийиз, килемче ж. б.), ташчылык (жаргылчак, тегирмен), теричилик (шири, кайыш), килемчилик (килем токуу), боёкчулук (жүн боёо), эшмечилик (чылбыр), кытаттоо (тери ж. б.) өңдүүлөр кирет. Учурда чеберлер байыртадан келе жаткан элдик ыкмаларды кеңири пайдаланып, К. ө-тү андан ары өнүктүрүүдө. Борборубуздагы «Кыял» ж-а жер-жерлердеги К. ө. бирикмелер жараткан салттык көркөм буюмдар чет
өлкөлүктөрдүн кызыгуусун туудурууда.
Ад.: Рыбаков Б. А. Ремесло Древней Руси. М., 1948; Акматалиев А. Көркөм кол өнөрчүлүк. Ф., 1984.