КЕЛАНГ
КЕЛА́НГ – Малайзиядагы шаар. Селангор штатында (султанат). Малакка жарым аралынын жээгинде, Инди океанындагы Малакка кысыгына Келанг дарыясы куя бериште жайгашкан. Өлкөнүн борбору Куала-Лумпурдан 30 км түштүк-батышта. Калкы 1,1 млн (2008). Борбор шаар агломерациясынын курамына кирет. Куала-Лумпурдун деңиздеги аванпорту, өлкөнүн эң ири деңиз порту (2005-жылы 110 млн т жүк ташылган ). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шаар 1643-жылы негизделген. 1874–80-жылдарда Малаккадагы Британия администрациясынын борбору. Музей (1984), Королдук сүрөт галереясы (1999), «Крис» монументи (1985), Ража- Махади фортунун калдыктары, Селангор султанынын резиденциясы (ак сарайы) бар. Химия, жеңил, кара металлургия, машина куруу ж-а металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт.