КЕКИРЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 14 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКИРЕ (Acroptilon repens) – татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Са­багы бутактуу. Топ гүлү кызгылт түстө, евразия­лык 2 түрү бар. Төшөлмө түрү көп кездешет. Европа, Кавказ, Батыш Сибирь, Азиядан Моң­голияга чейин таралган. Талаа, аңызда, жол жээгинде, короо айланасында өсөт. Сабагынын бийиктиги 30–60 см, гүлү майда. Тамыры өзөк ж-а майда каптал тамырчалардан турат. Тамы­рынан көбөйөт. Кургакчылыкка чыдамдуу. Малды ууктурат. Айрыкча пахта талаасында көп өсүүчү чөп.