КОКОН шаары
КОКОН – Өзбекстандын Фергана обл-ндагы шаар. Фергана ойдуңунун түш.-батышында, Сох д-нын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 206 миң (2008). Т. ж. тоому. Жеңил (пахта тазалоочу з-ддор, байпак комбинаты, тигүү ф-касы), хим., тамак-аш (май), машина куруу ж-а металл иштетүү (текстиль ж-а электр-тех. ө. ж. үчүн) ө. ж. бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу ж-а фосфор жер семирткичин чыгарат. Пед. ин-т, театр, Х. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу ж-а ад-т музейи бар. Алгач 10-к-да Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эскерилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жолдун жээгинде жайгашкан. 13-к-да моңголдор тарабынан талкаланган. Кийин К-нын ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-ж. Кокон хандыгынын борбору, диний ордосу болгон. 1876-ж. Россия империясына кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугундагы Фергана обл-нун курамына кирген. О. Азиядагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы – 18-к-дын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана обл-ндагы Кокон р-нунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Респ-нын ку-

рамында. 18–19-к-дын арх-ралык эстеликтери [Медресе-и Мир (18-к-дын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит); Дахмаи-Шохон ж-а Мадари-хан күмбөздөр ансамбли (экөө тең 1825); Кудаяр хандын ак сарайы (1871); Камол казы, Зимбардор ж-а Хуржам медреселери (баары 1827) ж. б.] сакталган. К-дагы мурдагы орус банкынын имараты (1903, 1963-жылдан Гафур Гулям атн. ад-т музейи), Крафттардын үйү (1903, азыр шаардык аскер комиссариаты) ж. б. бар. Эстеликтер (гражд. согуштун баатырларынын боордоштук бейити түбөлүк от ж-а обелиски м-н, 1965; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, 1981; «Эстелик-Хотира» мемориалдык комплекси, 1985 ж. б.) орнотулган. Кол өнөрчүлүк (жезди чегелөө, токуучулук, жыгачты кооздоо) өнүккөн. Элдик иск-вонун көөнө борбору.
Ад.: Тухтасинов И. Коканд. Справочник. Таш.,
1969; Круковская С. М. Встречи с Кокандом. Таш., 1977; Лукашов Н. А. Коканд. Таш., 1988.