КЕКЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКЕК (Oxytropis) – өсүмдүктөрдүн чанактуу­лар тукумунун уруусу. Көп жылдык, сабагы анча өөрчүбөгөн, татаал жалбырактуу, түктүү чөп.


Гүлдөрү түркүн түстүү, нык же көпшөк, тоголок же сүйрү. Гүлүнүн кайыкчасы учтуу, чанагы сүйрү, тоголок, жаргактай же теридей, бир же эки, кээде жарым-жартылай уялуу. Кырг-нда К-тин 56 түрү бийик тоодо, аска зоо коңулда­рында өсөт. Кээде башка өсүмдүктөр өсө алба­ган мөңгүгө жакын жерде К-тин айрым түрү кезигет, о. эле тоонун күнөс беттеринде, шагыл таш арасынан да учуратууга болот. Респ-када К-тин 34 эндемик түрү белгилүү.