КОЗУБЕКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЗУБЕКОВА Мейликан (16. 10. 1932, Талас р-ну, Түлкү-Төбө айылы – 9. 5. 1974, Фрунзе) – ко

музчу, солист, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1967). 12 жашынан комуз черткен. 1955-ж. Та­лас р-нун өздүк көркөм чыг­лыгынын респ. кароосуна катышып, биринчиликке жет ишкен . 15 жашында Кыргыз мамл. филармония­сына солист болуп кабыл алынган. Залкар өнөрпоз­дор Эркесары, А. Огомбаев, А. Үсөнбаев, К. Орозов,

Ш. Шеркулов, Ы. Туманов­дон таалим алган. 1957-ж. Москвада өткөн Жаштар­дын ж-а студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 2-фес­тивалына катышып, лауреаттык наамга ж-а ал­тын медалга татыган. 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз иск-восу м-н ад-тынын он күндүгүнө ка­тышкан. 1962–67-ж. В. Маяковский атн. Кыз­келиндер пед. инт-тунун музыка кафедрасында иштеген. Анын аткаруусунда «Чайкама», «Маш ботой», «Кара өзгөй» күүлөрү айрыкча чет өл­көлүк угуучулар тарабынан жогору бааланган.
К. – «Эрке кыз», «Бакыт» деген күүлөрдү чы­гарган. Польша, Моңголия, Венгрия, Германия Демокр. Респ-нда, Бельгия, Кытай, Алжир, Си­рияда ж-а СССРдин шаарларында гастролдо бол­гон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. 1992-ж. Таластын А. Огомбаев айы­лындагы мектепке анын ысмы берилип, музейи ачылган.