КИТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́ТО – Эквадор Респ-нын борбору, шаар. Пи­чинча провинциясынын адм. борбору. Түш. Американын түн.-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 км түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор

Шаардын жалпы көрүнүшү.

дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңг. 2818 м бийик­тикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-ж. атыл­ган) Пичинча жанартоосунун этегинде, Панаме­рика шоссесинин боюнда жайгашкан. К-го жа­кын 8 жанартоо (Котопахи, Антисана, Каямбе ж. б.) бар. Шаардын экол. абалына жанартоо­дон атылып чыккан күл тескери таасирин тий­гизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуая­киль, Эсмеральдас порттору ж-а автострада ар­кылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колум­бия) шаарлары м-н байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-ж. негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито обл-нун, 1830-жылдан Эквадордун борбо­ру. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгек­тенет. К-да чет өлкөлүк ж-а ири банктардын,


нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), же­ңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, нефть ж-а газ сактоочу баллондор), хим. (тири­чилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары– бут кийим ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Эк­вадордун ил. ж-а маданий борбору. Эки ун-т, тил академиясы (1874), Аскер география ин-ту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи ж-а пед. ин-т, улуттук политех. мектеби, жур­налисттерди даярдоочу Латын Америка борбо­ру, улуттук музыка академиясы, музейлер (та­рых, археол., этногр. ж. б.), мамл. эмес ЖОЖ (а. и. католик ж. б.), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жай­гашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сактал­ган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ботан. бак (Түш. Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797, 1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган.