КОНГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НГО , К о н г о Д е м о к р а т и я л ы к Р е с п у б л и к а с ы (КДР) – Борб. Африкада­гы мамлекет. Батышында Атлантика океаны­на чыгат. Түндүгүндө Борб. Африка Респ. ж-а Судан, чыгышында Уганда, Руанда, Бурунди ж-а Танзания, түштүгүндө Замбия, Ангола, ба­тышында Конго Респ. м-н чектешет. Аянты 23,448 миң км2 (Африкада чоңдугу б-ча Судан, Алжирден кийинки 3-өлкө). Калкы 64,1 млн

(2008). Борбору – Киншаса. Расмий тили – фран­цуз тили; улуттук тилдери – киконго (конго), лингала, суахили, чилуба (луба). Акча бирди­ги – конго франкы. Адм.-айм. жактан 11 про­винцияга бөлүнөт.
К. – БУУнун (1960), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФ-тин (1963), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму­нун (1997) мүчөсү.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) Провинция Аянты, км2 Калкы, миң Адм. борбору Бандунду 295,7 7564,4 Бандунду Батыш Касаи 170,3 6546,5 Кананга Катанга 496,8 4886 Лубумбаши Киншаса 10 9569,4 Киншаса Маниема 132,3 1924,2 Кинду Төмөнкү Конго 53,9 4227,3 Матади Түндүк Киву 59,5 5496,5 Гома Түштүк Киву 65,1 4377,3 Букаву Чыгыш 503,2 7407,8 Кисангани Чыгыш Касаи 154,7 5075 Мбужи-Майи Экватордук 403,3 7031,2 Мбандака

2005-жылкы Конституция б-ча үч жылдык өтмө мезгил аяктагандан ж-а «Борбордон ажы­ратуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин 2009-ж. адм.-айм. реформа жүргүзүү ка­ралып, ал б-ча өлкө төмөнкү 26 провинцияга бөлүнмөкчү: Борб. Касаи, Борб. Конго, Жогор­ку Ломами, Жогорку Уэле, Жогорку Катанга, Итури, Касаи, Кванго, Квилу, Киншаса, Лома­ми, Луалаба, Маи-Ндомбе, Маниема, Монгала, Санкуру, Танганьика, Төмөнкү Уэле, Түн. Киву, Түн. Убанги, Түш. Киву, Түш. Убанги, Тшопо, Чуапа, Чыгыш Касаи, Экватордук.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К. – унитардык мам­лекет. Конституциясы 2005-ж. 18–19-декабрда референдумда кабыл алынган. Башкаруу фор­масы– президенттик республика. Мамлекет баш­чысы – жалпы жашыруун добуш м-н 5 жылга шайланган президент (1 жолу кайра шайлануу­га укуктуу). Президент өкмөттү башкарат ж-а куралдуу күчтөрдү жетектейт. Мыйзам чыгаруу­чу бийликтин жогорку органы – кош палата­луу парламент. Төмөнкү палатасы – Улуттук чогулуш (500 депутаттан турат). Жогорку пала­тасы – Сенат (108 депутаттан турат). Парламент 5 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин прези­дент ж-а премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр ж-а министрлер президент тарабынан дайындалат. К-до көп партиялуу система орун алган. Белгилүү партия­лар: Калыбына келтирүү ж-а демократия үчүн элдик партия, Бириккен лумумбия партиясы.

Табияты

. Өлкөнүн борб. ж-а батыш бөлүктөрү туюк Конго ойдуңун ж-а аны курчаган тоо кап­талдарын ээлейт. Аны түндүктөн түштүктү ка­рай Конго д. кесип өтөт. Конгонун ортонку агы­мында байыркы көл-аллювий түздүгү (300– 380 м бийиктикте) пайда болгон. Ойдуңдун та­маны Конгонун ж-а анын куймаларынын жа­йылмасынан бир аз гана бийик жайгашкандык­тан, аны дайыма суу каптап турат, басымдуу бөлүгүн саз ээлейт. Ойдуңдун чет-жакаларын бийикт.500–600м,түштүгүндө1200мгежеткен платолор курчайт. Конго д-нда шаркыратмалар (Ливингстон ж. б.) ж-а босоголор көп. Түндүгүн­дө цоколдук түздүктөр, Азанде платосу, түштү­гүндө Лунда платосу, түш.-чыгышында Митум­ба тоолору, тектон. ойдуңдар м-н бөлүнгөн пла­толор жайгашкан. Өлкөнүн чыгыш чет-жака­сы – Чыгыш Африка бөксө тоосунун этек тоо­лорун камтыйт. Өлкөнүн чыгыш жагын чектей Чыгыш Африка жаракалар (рифт) зонасы со­зулуп жатат. Ал зонанын чет-жакаларында бийикт. 2000–3000 мге жеткен Митумба, Угома тоолору жайгашкан; өлкөнүн эң бийик жери – Рувензори горст массиви, 5109 м (Маргерита чокусу). Вирунга тоолорунда аракеттеги жанар­тоолор (Ньямлагира, Ньирагонго) бар. Грабен­дердин тамандарын ири тектон. көлдөр (Аль­берт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу ж. б.) ээлейт. Тектон. жактан К-нун аймагын кемб­рийге чейинки Африка платформасы ээлейт. К. кен байлыкка бай: кобальт (запасы б-ча дүй­нөдө 1-орунда), калай, вольфрам (дүйнөдө ал­дынкы орунда), жез, цинк кенташтары (2-орун­да), тантал (3-орунда), алмаз (4-орунда), герма­ний, о. эле нефть, газ, көмүр, алтын, күмүш ж. б. К-нун аймагы экватор ж-а субэкватор климат­тык алкактарында жайгашкан. Өлкөнүн 3° түш. кеңдик м-н 3° түн. кеңдиктин аралыгынан орун алган бөлүгүндө дайыма нымдуу климат өкүм сүрүп, жаан-чачын көп жааган 2 мезгил (март­тан июнга чейин ж-а сентябрдан декабрга че­йин) болот. Конго ойдуңунда ж-а аны курчаган

Рувензори массиви.

платолордо эң жылуу айдын (март же апрель) орт. темп-расы 26–27°С, эң суугунуку (июль же август) 23–25°С; темп-ранын суткалык ампли­тудасы жылдыкынан жогору, бирок 10–15°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 1500–2000 мм. К-нун түн. бөлүгүнүн ж-а түн. четинин климаты субэкватордук, жайы жаан­чачындуу, кышы кургакчыл; кургакчыл мезгил­дин узактыгы өлкөнүн түн. чек арасына жакын 2–3 айга (декабрь–февраль), түштүгүндө 5–7 айга (апрель–майдан ноябрга чейин) созулат. Темп­ранын жылдык амплитудасы экватордукуна ка­раганда жогору; суткалык амплитуда көбүнчө 20°Сден ашат. Темп-ранын максимуму жаанчыл мезгил башталарда байкалат (түндүгүндө 28°Сге, түштүгүндө 24°Сге чейин); кышкы орт. темп-ра түндүгүндө 24°С, түштүгүндө 18°С. Экватордон алыстаган сайын жаан-чачындын өлчөмү түн. чет-жакасында 1300–1500 ммге, түш. четинде 1000–1200 ммге чейин азаят. К-нун чыгыш бө­лүгүнүн тоолуу аймактарында темп-ранын жыл­дык амплитудасы 1–2°Сге чейин гана; 1500 м бийиктикте жылдык орт. темп-расы 20°С, са­лыштырмалуу нымдуулугу жогору. Тоолордун айдарым капталдарында жылына 2500 ммге (Рувензоринин капталдарында 4000 ммге) чейин жаан-чачын жаайт.
Дарыя тармагы өтө жыш ж-а суусу мол. Ай­магынын 9/10 бөлүгүнөн ашыгы Конго д-нын, чыгышындагы бир аз жери Нилдин алаптары­на кирет. Ири дарыялары: Конго ж-а анын оң (Луфира, Лувуа, Арувими, Итимбри, Монгола,

Конго дарыясынын өрөөнү.

Убанги), сол (Ломами, Лулонга, Руки, Ква) куй­малары. Чыгышында Альберт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу көлдөрү жайгашкан. Конго ойдуңунда ири тайыз көлдөр (Ман-Ндомбе, Тум­ба) бар. К. суу м-н камсыз болуусу (жылына киши башына 1283 м3 суу туура келет) б-ча Африкада 1-орунда; гидроэнергетикалык ресурс­тары (44 миң МВт) б-ча алдынкы орундардын бирин ээлейт.
Өлкөнүн 58% аянтын токой, 25%ин саванна, сейрек токой ж-а кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Конго ойдуңунда бузулбаган дайыма жашыл экватор токоюнун (гилея) аянты б-ча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Өсүмдүктөрүнүн мүнөзү нымдуулуктун ж-а рельефтин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Конгонун ортонку агымындагы батыш түзөң бөлүгүн саз ж-а дайыма суу кап­тап туруучу токой ээлейт; ал тоо капталдарын­да дайыма нымдуу, дайыма жашыл экватор то­кою м-н алмашат. Токойдо дарактын баалуу породалары көп, алар: кызыл, сары, эбен да­рактары, лимба, агба, ироко, о. эле май пальма­сы, каучуктуу дарактар ж. б. Түндүгүндөгү, баты­шындагы ж-а түштүгүндөгү тоо-дөңсөөлөргө парк сымал таралган өскүлөң саванна, дарыя өрөөндөрүнө галерея токою мүнөздүү. Түш.-чы­гышында (Катанга провинциясында) жалбыра­гын күбүүчү саванналуу миомбо токою тарал­ган. Тоолуу чыгыш бөлүгүнө бийиктик алкак­туулук мүнөздүү: тоонун нымдуу дайыма жа­шыл токою (3000–3500 м бийиктикте) жогору карай бамбук токою, африка-субальп (дарак сымал вереск басымдуулук кылат), африка-альп (крестовниктүү, лобелиялуу) алкактары м-н ал­машат.
Гилеянын астында калың кызыл-сары фер­ралит, суу каптап турган саздуу токойдун ас­тында гидроморфтук латериттүү глей, жалбы­рагын күбүүчү сейрек токойдун астында ферро­зём, саваннанын астында – кызыл ферралит то­пурактары өөрчүгөн. Биол. ар түрдүүлүгүнүн дең­гээли өтө жогору: татаал өсүмдүктөрүнүн 11 миң (анын 10%и эндемиктер), сүт эмүүчүлөрдүн 450, куштардын 1150, сойлоочулардын 300дөн, жер­де-сууда жашоочулардын 200дөн, балыктын 100дөн ашык түрү бар. Түздүктөрдөгү токойду африка токой пили, токой дукери, окапи, то­кой доңузу, приматтар, тоолуу аймактарды тоо горилласы, саздуу жээктерди бегемот, крокодил, саванна ж-а сейрек токойду – антилопа, афри­ка жанышы, зебра, жираф, керик мекендейт. Жырткычтардан арстан, гепард, леопард, чөө, темгил көк жал ж. б. кездешет.
Коммерциялык жыгач даярдоодон ж-а а. ч. жерин кеңейтүүдөн ө лкө нүн токой аянты 0,4%ке чейин кичирейген. Конгонун ортонку агымындагы жетүүгө татаал саздуу токой ант­ропогендик таасирге анча дуушарланган эмес; ал эми К-нун чыгышындагы тоо токою (анда калк жыш отурукташкандыктан) көп өзгөрүүгө дуушар болгон. Биол. ар түрдүүлүктүн азайы­шы браконьердикке, о. эле өлкөдөгү куралдуу кагылышуу кырдаалына байланыштуу. Татаал өсүмдүктөрдүн 55, сүт эмүүчүлөрдүн 40, куштар­дын 28 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн жээк аймактарында нефть м-н булгануу байка­лат. К-до жалпы аянты 8,3%ке жеткен 83 ай­мак коргоого алынган. Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине Вирунга (1979-ж. уюшулган), Ка­хузи-Биега (1980), Гарамба (1980), Салонга (1984) улуттук парктары, Окапи улуттук резерваты (1996) кирген. Эл аралык маанидеги коргоого алынган суу-саз мейкиндиги 866 миң га жерди ээлейт; анда куштар уя салып, кыштайт.


Калкы

. К-нун калкынын көбү (85%и) банту­лар (луба, конго, нгала, монго теке, яка ж. б.); түндүгүндө ж-а чыгышта убанги (7%), түн.-чы­гышында нил-сахара (10,1%и) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Калктын табигый өсүүсү 3,1%. Төрөлүү (1000 адамга 43 бала) өлүм-жи­тимден (11,9%) үч эсе ашык. Өлкөдө жаш ку­рактагылар басымдуулук кылат; орт. курагы 16,3 жыл. Курактык курамында өспүрүмдөрдүн (15 жашка чейинкилердин) үлүшү 47,1%, эмгек­ке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 50,4%, 65тен ашкандар 2,5% (2008). Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 54 жыл (эр­кектердики 52,2, аялдардыкы 55,8 жыл (2008).

Киншаса шаарынын борбордук көчөсү.

Калк өлкөнүн батыш чет-жакасында (орт. жыш­тыгы борб. провинцияга 1 км2 жерге 960тан ашык, төмөнкү Конго провинциясында 78,4 адам) ж-а чыгышында (Түн. Киву провинция­сында 97,4, Түш. Кивуда 67,3 адам); калк эң сейрек отурукташкан аймак – Катанга провин­циясынын түш.-чыгышы 1 км2 жерге 9,8 адам. Шаар калкы 32%тей. Ири шаарлары (2008): Киншаса (9167 миң), Лубумбаши (1628 миң), Мбужи-Майн (1474 миң), Колвези (932,3 миң), Кисангани (592,2 миң), Бома (508,3 миң), Канан­га (507,8 миң), Ликаси (496,6 миң). Экон. актив­дүү калкы 15 млн адам (2006); иштегендердин 65%и а. ч-нда, 19%и тейлөө чөйрөсүндө, 16%и ө. ж-нда эмгектенет. Калкынын 40–55%и като­ликтер, 20–42%и протестанттар (лютерандар, англикандар ж. б.), 10%тейи африка-христиан­синкреттик динди тутат, 10%и мусулмандар.

Тарыхы

. Касаи, Луалаба, Луапула д-нын жо­горку агымында табылган таш куралдар К. ай­магында эрте палеолит ж-а Ашель доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Ортонку таш доо­рунда тумбий мад-ты (Санго мад-нын бир түрү; 55–45 миң жыл мурда), Лупембе мад-ты (30–15 миң жыл мурда), соңку таш доорунда читоль мад-ты (15–3 миң жыл мурда) Киншаса ш-нын чет жакаларында ж-а Бена-Читоле платосунда өнүккөн. Катанга провинциясында табылган металлды кайра иштетүү очогу (метеорит теми­ри; б. з. ч. 5-к-дын ортосу) Африкадагы кара металлургиянын байыркы борборлорунун бири деп божомолдонот. К-нун байыркы калкы пиг­мейлер, сан (бушмендер) ж-а кой-коин (готтен­тоттор) болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ба­шында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 9-к-дын башында Катанга провинция­сынын түндүгүндө Кисале мад-тына таандык алгачкы саясий түзүлүштөр пайда болгон. 13– 16-к-да К. аймагында Конго, Матамба, Нгойо, Куба, Луба, Лунда, Касонго мамл. бирикмеле­ри (кээде империялар ж-а королдуктар деп да аталат) түзүлгөн. 1480-жылдары Д. Кан жетек­теген португалдар К-го келе баштап, 16-к-да Конго д-нын сол жээги португалдардын кул са­туучу аймагына айланган. Жерг. калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. Конгодо күчтүү башкаруучунун бийлиги астын­да бирдиктүү мамлекетти калыбына келтирүүнү көздөгөн, европалыктарга каршы кыймыл (1703) пайда болуп, 1706-ж. куралдуу көтө­рүлүшкө айланган. 1709-жылдын башында кон­голук ак-сөөктөр көтөрүлүштү басышкан. Кул сатуунун өнүгүшү, ич-ара согуш, децентрализа­ция региондогу мамлекеттин кулашына алып келген. 19-к-дын аягында К. аймагы европ. мам­лекеттердин атаандашуу объектисине айланган. 1876-ж. Бельгия королу Леопольд IIнин жетек­чилиги м-н Эл аралык африкалык ассоциация (1880-ж. Эл аралык Конго ассоциациясы деп аталган), 1878-ж. «Жогорку Конгону изилдөө боюнча комитет» бельгиялык компаниясы түзүлгөн. Королдук эмиссарлар жерг. уруу баш­чылар м-н келишим түзүп, анын негизинде ко­роль Леопольд II Конго д-нын сол жээгин көзөмөлгө алган. 1884–85-ж. Берлин конф-ясы Леопольд IIни «Көз карандысыз Конго мамле­кетинин» (ККМ) башкаруучусу деп тааныган. ККМнин негизги экспорттук тармагы каучук болгондуктан, Леопольд II өлкөнүн жалпы аян­тынын 50%ин жеке компанияларга берип, ка­учук иштетүүгө монополия түзүп, жерг. калк­тан каучук түрүндө салык алган. 1890-ж. т. ж. курула баштаган. 1888-ж. ККМда «Форс пюб­лик» колониялык армия уюшулуп, 1894-ж. ас­кердик кызмат өтөө киргизилген. 20-к-дын ба­шында Леопольд IIнин режимине каршы күрөш башталып, 1908-ж. 15-ноябрда Леопольд II ККМны Бельгия колониясындагы – Бельгия­лык Конго (БК) деп өзгөртүү ж-дө декретке кол коюуга мажбур болгон. 1-дүйнөлүк согуш жыл­дарында БКнын колониялык аскерлери брита­ниялык ж-а фр. союздаштар м-н бирге Танга­ньика көлү, Камерун, Руанда-Урунди аймакта­рындагы согуштук аракеттерге катышкан. БКда европ. ири компаниялардын кен казып алуу иштеринин натыйжасында тоо-кен иштетүү ө. ж., транспорт системасы, энергетика өнүгүп, Катанга, Киву провинцияларында ж-а Леополь -