КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР – кура­мында ар кандай катышта эки, үч же андан көп азык элементтери (азот, фосфор, калий ж-а микроэлементтер) бар жер семирткичтер. К. ж. с. азык элементтеринин санына жараша экилтик (азот-калий, калий-фосфор, азот-фосфор) ж-а үчилтик (азот-фосфор-калий) деп бөлүнөт.
Өндүрүп алуу ыкмасына жараша татаал, та­таал аралашма ж-а аралашма, агрегаттык аба­лы б-ча – суюк ж-а катуу болуп да айырмала­нат. Татаал К. ж. с-ге аммофос, диаммофос, калий селитрасы, полифосфаттар таандык. Та­таал аралашма К. ж. с. экиден кем эмес азык заттарын камтыйт да, бирдиктүү технол. Про-

цесстин негизинде аммиактын, фосфор, азот ж-а күкүрт к-таларынын, аммоний нитратынын эритмесинин, фосфориттин ж-а аппатиттин, калий туздарынын ж. б. алгачкы компонентте­ринин хим. өз ара аракеттенүүсүнөн алынат. Буларга нитрофоска, нитроаммафос, мочевина фосфаты, фосфор амиди кирет. Аралашма жер семирткичтер эки, үч жөнөкөй жер семирткич­терди мех. жол м-н аралаштыруудан алынат. Мында семирткичтерди аралаштыруу эрежесин туура сактоо талап кылынат.


Ад.: Войтович Н. В., Андреев С. С., Шафран С. А. Ассортимент минеральных удобрений и экономическая эффективность их применения. М., 2005.

Н. Дүйшөмбиев.