КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛЕКСТҮҮ БИРИКМЕЛЕР – эритмеде крис­талл торчонун түйүндөрүндө өз алдынча сакта­ла турган комплекстүү ион жайгашкан бирик­мелер. Бир же бир нече молекула же ион м-н белгилүү бир валенттик абалда байланышкан металлдын, кээде металл эместин атомунан тур­ган татаал ион комплекстүү ион деп аталат. К. б. комплекстүү анионду, комплекстүү катионду кармап турушу, же болбосо такыр эле ионго диссоциацияланбашы мүмкүн. Координациялык теориянын көз карашы б-ча ар кандай К. б-дин молекуласында оң заряддалган ион борб. орун­ду ээлеп, комплекс пайда кылуучу же борб. ион деп аталат. Анын айланасында карама-каршы заряддалган бир нече ион же электр нейтрал­дуу молекулалар – лиганддар жайгашат да, К. б-дин ички координациялык чөйрөсүн, ички чөйрөгө батпай калган иондор сырткы коорди­нациялык чөйрөнү түзөт. Борб. ионду курчап турган лиганддардын саны координациялык сан деп аталат. Комплекстин ички чөйрөсү эриген­де туруктуулугун сактайт, сырткы чөйрөдө жай­гашкан иондор эритмеде оңой эле ажырайт. Ошондуктан ички чөйрөдө иондор борб. атом м-н иондуу эмес, сырткы чөйрөдө болсо, иондуу байланышкан. Мис., РtСl–2КСl комплекстүү ту­зунун координациялык формуласы: К2[РtCl6]. Мында ички чөйрө кычкылдануунун даражасы 4+ болгон платинанын борб. атомунан ж-а хлор иондорунан турат, ал эми калий иону сырткы чөйрөдөн орун алат. Көптөгөн К. б-дин коорди­нациялык санын аныктоо м-н, А. Вернер борб. иондун заряды координациялык санга таасир этүүчү негизги фактор деген. К. б-ди атоо ички чөйрөнүн курамын көрсөтүүдөн башталат, ан­дан кийин борб. атому аталат ж-а анын кыч­кылдануу даражасы көрсөтүлөт. Анализ химия­сында бир катар металлды бөлүп ж-а аларды өтө тазалыкта алуу үчүн гальваностегияда, боё- гуч зат, сууну жумшартууда колдонулат. Көп­төгөн К. б. – В12 витамини, гемоглобин, хлоро­филл ж. б. физиол. ж-а биохим. процесстерде өтө чоң роль ойнойт.



Ад.: Киселев Ю. М., Добрынина Н. А. Химия коор­динационных соединений. М., 2007.

К. Сулайманкулов.