КОММУНИЗМ 1
КОММУНИ́ЗМ (лат. kommunic – орток, жалпы) – маркстик концепцияда капитализмди алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдукэкон. көрүнүш; К. өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тапсыз коомдук түзүлүш. К. – социализмдин өнүккөн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Сов. Союзунун ж-а анын өнөктөштөрүнүн саясий ж-а экон. түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. К. идеясы пайда болгондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талапты 15-к-да Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-к-да Германияда дыйкандар согушунун (Т. Мюнцер), 17-к-да Англияда, 18- к-да Францияда бурж. рев-янын катышуучулары (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) рев-ялык күрөш-
түн урааны катары жарыялашкан. 16–17-к-да
көптөгөн гуманисттер (Т. Мор, Платон ж. б.), 18-к-да Француз агартуучулары (Морелли, Г. Мабли ж. б.) К. идеясы ж-дө көз караштарды иштеп чыгышкан. 19-к-да А. Сен-Симон, Ш. Фурье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер К. ж-дөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктаждыгын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштүрүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопиялык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс К-дин ил. теориясын (пролетардык рев-янын негизинде капитализмди кулатып, социализмге өтүү ж-а коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгышкан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим болбой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социализмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ленин К. теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок Коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамл. органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Биринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыктарын көздөгөн Коммунисттик партия жетекчилик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргүзүп, мамл. башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик ж-а экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, ө. ж. тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. А. ч. ишканаларына, завод-фабрикаларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары берилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары аныкталган. Рынок экономикасына ж-а өндүрүш каражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу м-н ишке ашкан эмес. Мис., Сов. Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тоталитардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан ж-а демократиянын жоктугунан Батыш Европада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-ж. еврокоммунизм идеялары м-н куралданган батыштагы Коммунисттик партиялар лениндик «пролетариат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демокр. ин-ттарды кабыл алган. Кийинки он жылдыкта К-ди ортодокстук ревизиялоо Сов. Союзуна ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кеңири жайылган; натыйжада, тынчтык рев-яларынын негизинде Коммунисттик партиянын бийлиги жоюлуп, рынок экономикасына ж-а эркин демократияга жол ачылды. Агр. коомдон индустриялаштырууга өтүүдө К-дин ойногон ролуна тарых келечекте өз баасын бериши
мүмкүн, бирок К. ж-дөгү идеялар адам тарыхынын акыркы максаты болуп эсептелбейт, бирок ыймандуу салымдары м-н К. кандайдыр бир деңгээлде коомдо жашай берет.
Ш. Керимова.