КОМИЦИЙЛЕР
КОМИЦИЙЛЕР (лат. comitia – чогулам) – Байыркы Римде мыйзам кабыл алып, согуш ж-а тынчтык маселелерин чече турган кызмат адамдарын шайлай турган элдик чогулуш. К-дин 3 түрү болгон. Куриялык К. – куриялар б-ча патрицийлердин чогулушу. Аны адегенде интеррекстер ж-а падышалар (б. з. ч. 8–6-к-да) чакырып, падышаны шайлоо, согуш, тынчтык ж. б. маселелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн. Респ. доордо К-дин башка түрлөрү пайда болгон соң, анын саясий мааниси жоголгон. Центуриялык К. – центуриялар б-ча плебей ж-а патрицийлерди бириктирип өтүлгөн чогулуш. Центуриялык К-лер согуш ж-а тынчтык, жогорку магистраттарды шайлоо маселелерин чечип, сот милдетин аткарган. Аны жогорку магистраттар Марс талаасында өткөргөн. Трибалык К. – триба-дубан аймактары б-ча бардык жарандардын чогулушу. Аны чогулуштарда элдик трибундар ж-а плебей эдилдери шайлаган. Плебей м-н патрицийлердин күрөшүнүн натыйжасында б. з. ч. 287-жылдан Гортензия мыйзамы б-ча алар мыйзам чыгаруу, соттук ж-а магистраттарды шайлоо бийлигин алып, элдик чогулуштун бир түрү болуп калган. 1-к-дын аягында К. маанисин жоготкон.