КОМИССАРЖЕВСКАЯ
КОМИССАРЖЕ́ВСКАЯ Вера Фёдоровна [27. 10 (8. 11). 1864, С.-Петербург – 10 (23). 2. 1910, Ташкент; сөөгү С.-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. К. комедия ж-а ыр м-н жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер болгон. Драмалык таланты А. Островскийдин «Сепсиз кыз» драмасындагы Ларисанын ролунан айкын көрүнгөн. А. Чеховдун «Ак чардак» (1896) пьесасындагы Нина Заречнаянын ролу бүткүл орус театры үчүн жаңы табылга катары зор мааниге ээ болгон. 1904-ж. Петербургда менчик театр ачып, анда М. Горькийдин «Дачниктеринде» Варвара Михайловнанын, «Күн балдарында» Лизанын, Г. Ибсендин «Куурчак үйүндө» Норанын ролун көркүнө чыгара аткарган. 1906-ж.

М. Метерл и н к , «Беатриса эже».
В. Э. Мейерхольд койгон Метерлинктин «Беатриса эже» спектаклинде Беатрисанын ролу К-га зор ийгилик алып келген. Адегенде Мейерхольдду колдоп, ал койгон А. А. Блоктун «Балаганчик», Л. Н. Андреевдин «Адам өмүрү» спектаклдерин «режиссёрдун шедеври» деп эсептеген. Кийин Мейерхольддун катаал композициясы актёрдук чеберчилигимди чектеп жатат деп эсептеп, Мейерхольдду театрынан кетирген. 1909-ж. К. театрын жабууну чечкен.
Ад.: Рыбакова Ю. П. В. Ф. Комиссаржевская. Летопись жизни и творчества. СПб., 1994.