КОМБАЙН
КОМБА́ЙН (англ. сombine, сөзмө сөз – бириктирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кандай операцияларды аткаруучу татаал агрегат.
К-дын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан К-ы, жүгөрү

К-ы, силос К-ы, кен казуучу тоо-кен комбайны ж. б. Д а н К-ы – дан эгиндерин чаап, бастырып, саман, топонун чөмөлөп кетүүчү машина. К-ды атайын кошумча шайман м-н жабдып, чанактуу, тех. ж. б. өсүмдүктөрдү чаап, бастырууга болот. К-дын чиркелме, асма ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Чиркелме К-дын иштөөчү тетиктери К-га орнотулган кыймылдаткычтын же трактордун кубат берүүчү валынын жардамы м-н иштейт. Өзү жүрүүчү К. өз кыймылдаткычы м-н иштейт. Асма К. өзү жүрүүчү шассиге орнотулат. К. жантайма камералуу хедер, дан чапкыч, бастыргыч, тазалагыч, кызылдагыч, транспортёр, бункер, чөмөлөгүч, жүрүү системасы (жетелөөчү алдынкы дөңгөлөк ж-а арткы башкаруучу дөңгөлөк), кыймылдаткыч кабина, электр ж-а гидрожабдуулар, башкаруу ж-а сигнал берүү тетиктеринен турат. Алгачкы К. АКШда 19- к-дын аягында жасалган. Ал жыгачтан жасалган, эпсиз, оор болуп, 20–30 ат чегилген. К. 20- к-дын башында өркүндөтүлүп, жыгач – металл м-н, ат – локомобиль, трактор м-н алмаштырылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С-ряк», СК-5, «Нива», СК -6, «Колос», «Дон-1200», «Дон-1500» ж. б. К-дар чыгарылган. Бул К-дардын базасында чанактуу дан өсүмдүктөрүн жыйноочу жалпак тамандуу СКП-4, шалы оруп-жыюучу СКП-6Р, СКД-5Р, СК-5Р, о. эле НК-4 ж. б. асма К. жасалган.
Ад.: Сельскохозяйственная техника и технология
/Под ред. И. А. Синицина. М., 2006.