КОМАРОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМАРО́В МӨҢГҮСҮ , К ы з ы л - Ү ң ө т м ө ң­г ү с ү – Какшаал кырка тоосунун түн. капта­лындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Уз. 10,7 км, ая нт ы 29,3 км 2. Какшаал д-нын сол түзүүчүсү – Мүдүрүмдүн алабынан орун алган.
Мөңгүнүн башы 5210 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляция­сынын аянты 9,9 км2. Үч зор мөңгүнүн кошулу­шунан түзүлөт. Үч мөңгү бириккенден кийинки «тилинин» уз. 2,5 км, туурасы 3 кмге жетет. Ал жазы келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Этегине жакын чакан жаңы этек моренасынын жатышы – мөңгү жакынкы мезгилде эле 30– 40 мге чегингендигин айгинелейт. Кар сызыгы-


нан жогору жыл бою кар жатат. Мөңгүдөн Кы­зыл-Үңөт суусу башталып, Мүдүрүмгө куят.