КОЛЬ
КОЛЬ Гельмут, Х е л ь м у т (3. 4. 1930-ж. т., Германия, Людвигсхафен ш.) –

мамл. ж-а саясий ишмер, Германиянын федералдык канцлери (1982–98). Христиандык-демокр. партиянын төрагасы (1973–98). Франкфурт ж-а Гейдельберг унттерин бүткөн. 1969–76-ж. Рейнланд-Пфальц жери б-ча өкмөт башчысы болуп иштеген. 1990-ж. анын демилгеси м-н Батыш ж-а Чыгыш Германия бириктирилген, бирдиктүү Германиянын биринчи канцлери.