КОЛЧЕДАНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЧЕДАНДАР , (гр. Chalkedon – Кичи Азия­дагы байыркы грек колониясынын атынан), к о л ч е д а н к е н т а ш т а р ы – негизинен күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) тур­ган кенташтын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопи­рит, борнит, сфалерит, галенит, барит минерал­дары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-аль­битофир сыяктуу жанартоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары м-н тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез м-н күкүрт к-тасы өндүрүлөт. Кээде алтын, күмүш, коргошун, цинк, кадмий, висмут, селен, тел­лур, барий, күкүрт алынат. Жездин дүйнөлүк запасынын 10%ин К. берет. Ири кендери Ка­релия, Бурятия, Казакстан, Кавказ, Урал, Ку­рил а-дары, Кырг-н ж. б. жерлерде кездешет. Кырг-ндагы Ачык-Таш күкүрт колчедан кени


(Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүй­нө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы

Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл

ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т жез өндүрүлгөн.


Ад.: Колчеданные месторождения мира /Под ред. В. И. Смирнова. М., 1979.