КОЛОРИМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРИМЕ́ТРИЯ ф и з и к а д а – түстү өлчөө ж-а аны сан жагынан туюнтуу ыкмалары ж-дөгү илим. Ал 3 негизги түстү тандап алган системада түстүн координатасын аныктайт. К-да түстүн мүнөздөмөсү үч өлчөм, б. а. сан жа­гынан өз ара байланышкан үч параметр м-н туюнтулат. Ошондуктан, К-да түс сызыктуу мей­киндиктеги үч компоненттүү вектор катары сүрөттөлөт. Мүнөздөлүүчү нурланууну туюнткан үч нурлануунун түсү негизги түстөр деп аталат.


Ар бири калган экөөнүн кошулушу аркылуу алынбайтурганкаалаганүчтүснегизгитүстөрдү түзөт. Кызыл, жашыл ж-а көк сыяктуу негиз­ги түстөрдөн турган К-лык система өтө кеңири колдонулат. Булардын аралашмасынан турмуш­та кездешкен бардык түстөрдү алууга болот.