КОЛО ИШТЕТҮҮНҮН ЖЕТИ-СУУ ОЧОГУ
КОЛО ИШТЕТҮҮНҮН ЖЕТИ-СУУ ОЧОГУ б. з. ч. 12–9-к-да өкүм сүргөн. Анын башка аймактардагы металл иштетүү очокторунан айырмаланган өзгөчө мүнөздүү белгилери болгон. Буюмдарды жасоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк кошулган (к. Коло доорундагы кенчтер).