КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ
КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ – 1920–30-жылдары
колхоздоштуруу жолу м-н СССРдин а. ч-сындагы өндүрүш процессин кеңейтүү ж-а мамлекеттештирүү. Мамлекет м-н партия жеке менчик дыйкан чарбасын толук көзөмөлгө алыш үчүн К. процессин баштаган. К-нүн башталышына дан даярдоо кризиси себеп болгон. 1925-ж-дан түшүмүнүн молдугуна карабастан, дыйкандар ар кандай себептер м-н мамлекетке данды аз санда
өткөзүп, өз пайдасына жумшагандыктан, дан экспорту төмөндөп, шаарларга дан жетпей калган. А. ч-дан түшкөн кирешелер ө. ж-ды өнүктүрүүгө жумшалмак, натыйжада соц. индустриялаштыруу саясатына да коркунуч туулган. 1927-ж. ВКП(б)нин 15-съездинде айыл-кыштактарда К-нү ишке ашыруу жарыяланган. 1929-ж. массалык түрдө К. башталган. Колхоздун эң жакшы формасы катары а. ч. артелдери
белгиленген. 1929-ж. колхоздордун материалдык-тех. базасын бекемдеш үчүн атайын машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү башталган. К. кулакка тартуу саясаты (оокаттуу дыйкандардын ж-а К-гө каршылык көрсөткөн дыйкандардын мүлкүн тартып алып, аларды түрмөгө камап, башка жакка көчүрүшкөн же атып өлтүрүшкөн) м-н коштолгон. Жалпысынан 5–6 млн киши кулакка тартылып, а. и.
2140 миң киши 1930–38-ж. департацияланган.
К-нүн зомбулук м-н жүргүзүлүшү, кулакка тартуу, базарларды жаптыруу ж-а атеисттик саясат ж. б. дыйкандардын нааразычылыктарына алып келген. Малды массалык түрдө союп жок кылуу башталган. 1931-ж. 4 млн киши айылкыштактарды таштап, шаарларга кетип калган. К. Москва ж-а Батыш обл-тарында, Татар АССРинде, Нижегород крайында эң жогорку темпте жүргүзүлгөн. К-нүн репрессиялык-конфискациялык чаралары кыштактардын өндүрүштүк потенциалын бузуп жиберген. 1932-ж. а. ч. өндүрүшүнүн көлөмү 1928-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге, мал чарбачылык 53% кыскарган. 1932–33-ж. Украина, Волга бою, Ставрополь ж. б. р-ндордо ачкачылыктан 5 млн адам
өлгөн. К. негизинен 1937-ж. аяктаган. 1930–
37-ж. жалпы К-нүн ж-а кулакка тартуунун жүрүшүндө дыйкан чарбаларынын саны 25,6 млндон 19,9 млнго чейин кыскарып, а. и. 18,5 млн (93,9%) 243,7 миңи колхозго бириктирилген. К-нүн натыйжасында мамлекет колхоздордон түшкөн кирешелерди өз пайдасына жумшоого
мүмкүнчүлүк алган. 1935–37-ж. а. ч. өндүрүшү
калыбына келе баштаган.
Ад.: Ивницкий Н. А. Коллективизация и раскулачивание (начало 30-х гг.). М., 1996; Зеленин И. Е. Сталинская «революция сверху» после «великого перелома». М., 2006.
К. Алымкулов.