КОЛИБАКТЕРИОЗ
КОЛИБАКТЕРИО́З , а к ч ы ч к а к – жаш төлдүн жугуштуу ылаңы. Ылаңды ичеги таякчасынын түрдүү штаммдары козгойт. К-го негизинен 5–7 күндүк төл чалдыгат, алардын ичегикарыны сезгенип, айрым учурда ичеги таякчасы бүт денеге жайылат. Дене темп-расы ылаңдын башталышында 40–41°Сге чейин көтөрүлөт, чычкактайт. Алдын алуу үчүн жаңы төлгө иммундоо жүргүзүлөт, мал короону таза кармоо керек.