КЕНЕЛЕР
КЕНЕЛЕР (Асarina) – жөргөмүш сымалдар классындагы муунак буттуу жандыктар тобу. Чоңдугу 0,05–13 мм, ал эми тойгон кан соргучтардыкы 30 ммге чейин жетет. Баш-көкүрөгү курсагы м-н биригип, денеси муунаксыз. Айрым жөнөкөй К-дин денесинде муунагы сакталып калган. Денеси жука калканчалар м-н капталган, түрдүү түстө. Оозу азыктанышына жараша ар кандай түзүлүштө. Териси же кекиртеги м-н дем алат. Сезүү органдары жөнөкөй түзүлүштө.
Алар – жырткычтар, өсүмдүк, о. эле сүт эмүүчү
жаныбар ж-а кишинин каны м-н азыктанышат. К. айрым жыныстуу организмдер, көбүнчө жыныс диморфизми байкалат, жумуртка, кээ бири тирүү тууйт. Өөрчүү цикли жумуртка, личинкага чейинки стадия, личинка, анан 3 нимфа стадиясын өтүп, жетилген организмге айланат. Личинкасынын 6, нимфа м-н чоңдорунун 8 буту, тулкусунун алдыңкы бөлүгүндө 2 жуп буту (хелицер ж-а педипальпы) болот. Кээ биринин башында 4, арткы бөлүгүндө 2 жуп буту бар. Айрым К-дин баш көкүрөгүндө 6 жуп буту болуп, курсагы бутсуз. 4 жуп буту тырмактуу ж-а жабышкак. Хелицеринин учундагы кыпчууру тырмак же ийне сымал, ал азыгынын терисин саюу ж-а ага жабышуу, жемин кармоо, майдалоо ж. б. милдеттерди аткарат. К-дин 300 тукуму, 20 миңдей түрү бар. Бардык жерде кеңири таралган. Чириген калдыктар м-н азыктанат.
Өсүмдүк м-н жаныбарларга мителик кылат.
К-дин кан соргуч түрлөрү бир катар оорулардын козгогучтарын таратат. Айрым К. топурак пайда кылууга катышат, өсүмдүктүн кээ бир зыянкечтерин кырып, пайда келтирет. Иксод, аргас К-и адам ж-а жаныбарлардын эктопаразиттери, о. эле энцефалиттер, геморрагия калтыратмасы ж. б. оорулардын козгогучтарын жугузат. Айрымдары тасма курттардын аралык ээси, үй жаныбарларынын митеси болуп эсептелет. Кам-

па кенеси дан запасын бузат, котур кенеси адам м-н жаныбарлардын терисинде мителик кылып, котур оорусун пайда кылат.