КЕМПИР МУШТУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМПИР МУШТУМ , б ө л т ү р ү к (Аnabasis) – өсүмдүктөрдүн шакардуулар тукумунун уруусу.
Чала бадалча же көп жылдык чөп. Жалбыра­гы кыска, калың же майда түрпүчөдөй, туш­таш жайгашат. Гүлү эки жыныстуу, 5 мүчөлүү, жалгыздан же 2–6дан топтошуп, жалбырак колтугунан орун алат. Мөмөсү – жемиштей.
Анын 30дан ашык түрү Испания м-н Түн. Аф­рикадан Борб. Азияга чейин таралган. КМШ өлкөлөрүндө 30га жакын, Кырг-нда 8 түрү өсөт.
О. Азиянын чөл ж-а адырларында, тоонун как­соо беттеринде кездешет. Айрымдарынын тоют ж-а дарылык мааниси бар.