КОКС КӨМҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКС КӨМҮРҮ – жаратылышта кездешүүчү отундун (таш көмүр, нефть ж. б.) абасыз чөй­рөдө, өтө жогорку темп-рада өзгөрүшүнөн пай­да болгон катуу зат. Пайда болушуна жараша таш көмүр, пек, нефть коксу деп үч түргө бөлү­нөт. Көпчүлүгү таш көмүрдүн өзгөрүшүнөн ке­лип чыгат. Эгерде т а ш к ө м ү р д ү темп-расы 900–1050°Сге жеткен кокстоочу меште ысытса, түрдүү түспөлдөгү, боз түстүү, майда көзөнөкчөлүү катуу зат алынат. Бул К. к. деп аталат. Ал дом­на мештеринде, чоюн эритүүдө колдонулат.
П е к – көмүртекке бай, боз түстөгү жылтырак зат. Электрод өндүрүлөт. Н е ф т ь коксу нефти­ни кайра иштетүүдө алынат.