КОКОН ХАНДЫГЫ
КОКОН ХАНДЫГЫ – 18–19-к-дагы О. Азиядагы ири мамлекет. Болжол м-н 1709–10-ж. калыптанып, 1876-ж. жоюлган. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыш-ды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыш. негизделип, кийин Кокон ш. деп аталат. Ушул жерге хандыктын байтак-


тысы биротоло жайгашып, тарыхта ал К. х. деген ат м-н калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун ту-

куму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир- Жар) деген генеол. уламыш калыптанган (к. Миң династиясы). Бирок мындай көз караш азырынча ил. деңгээлде далилдене элек. К. х-нын түптөлүшүнө жалаң эле миңдер эмес, негизинен кыргыз, кыпчак, сарт, жүз сыяктуу уруулар олуттуу роль ойноп, саясий тарыхында Ферганадагы отурукташкан ж-а көчмөн калктын ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келген. Анын негизинде отурукташкан уруулар м-н катар эле кыргыздар да саясий бийликке ээ болуп турган. К. х-нын тарыхы түптөнүү, гүлдөө, кыйроо дооруна бөлүнөт. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак согуштары) тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы м-н алгач Маргалаң, Хожент, анан Анжиян, Наманган вилайети түзүлгөн. К. х-нын
күчөп баратканын көргөн калмактар 1734-, 1745–
48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон ш-н камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан ш-нын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро- Төбөнүн акими Фазыл бийлер м-н бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү м-н такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи
жолу такка отурушунан (1752–69) баштап К. х.
акырындап кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз м-н казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчө баштап (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши), К. х-нын ээлигинин кеңейишине кошумча, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Натыйжада тышкы саясаты агрессиялуу мүнөзгө ээ болуп, Кубат бий өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде казак султаны Абылай да Эрденеге каршы бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош ш-нын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-ж. Ажы бий, Маматкул бий м-н Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын кийлигишүүсү м-н эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп
санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички
абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, К. х-нын калыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу
уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. К. х-нын түптөнүү доорунда түш. кыргыз уруулары К. х. м-н тыгыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этностуксаясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес. Алим хандын такка олтурушу м-н К. х-нын гүлдөө доору башталат. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло К. х-на бириккен ж-а ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек м-н куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн.
Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу
саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан ш., Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө
өрөөнү, 1830-ж. Фергана өрөөнү толук, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жызак, Ташкент, Түш. Казакстан, Кырг-ндын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү К. х-на караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономикасы жөнгө салынып, казына байыган ж-а ири
сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон–
Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ийгиликтин бири болгон. Мадалы хандын (1822–
42) тушунда К. х-нын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жерг. уруу төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, өз ара күрөш жүргүзө баштаган. Ушундай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-ж. Мадалыны ж-а анын бир туугандарын
өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал
Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түш. жактагы кыргыз бийлеринин таасири өзгөчө күч алган (к. Нүзүп бий). Шераалы
такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы
аталык наамын алышы м-н К. х-нын кыйроо доору башталат. Кудаяр хандын 1-, 2-, 3-хандыгы ж-а Мала хандын учурунда кыргыз, кыпчак ж. б. кландардын бийлик үчүн атаандашуусу күчөп (к. Алымбек датка, Алымкул аталык, Йакуб бек, Курманжан датка, Мусулманкул), көптөгөн көтөрүлүш [(1873–75), к. Искактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүштөрү, Кыпчак кыргыны], төңкөрүштөр болгон. Учурдан пайдаланып, аркалык кыргыздар да К. х-нын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташкан (к. Жантай хан, Ормон хан). Чүй өрөөнү падышалык Россияга каратыла баштаган мезгилде (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы) К. х-нын ички абалы өтө начарлаган. Ошого карабастан, ал орус баскынчылыгын токтотууга катуу аракет жасаган (к. Канаат шаа, Узун-Агач салгылашуусу). Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чымкент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлиги-
не каратылышы м-н К. х-нын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган. 1867-ж. Ташкент ш. Түркстан генерал-губернаторлугунун борборуна айланып, 1868-ж. К. П. Кауфман м-н соода келишимине кол коюлган. Россия империясы 1875-ж. Фергана өрөөнүн караткан. 1876-ж. 19-февралда К. х. жоюлуп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана обл. түзүлгөн.
Ад.: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; oшонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история г. Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2000; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.
С. Наркеев.