КОЙ-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-ТАШ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Таш-Мойнок айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 19 км түш.-батыш тарап­та. Аламүдүн т. ж. бекетинен 16 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 2045 (2007); негизи­нен дыйканчылыкта эмгектенет, мал багышат. Орто ж-а интернат-мектеп, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, ФАП иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баа­тыры Ж. Мундузбаева, КРдин эл артисти Н. Кы­таев туулган.