КОЙСАРЫ БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙСАРЫ БИЙ (т. ж. б. – 1670-жылдан кийин өлгөн) – чоң багыш уруусунун бийи. Моголстан ханы Абдуллага (Абдаллах) (1638–69/70) бай­ланыштуу эскерилет. Ал Ошту каратып кела­тып, Беш-Буйнак деген жерден К. б., Кара-Ку­чук бий, Йол-Болду бий, Уч-Куртка бий, Афат, Шады ж. б. жетектеген кыргыздардан жеңилүүгө учураган. Кийин Абдулла хан кайрадан кыргыз­дарга каршы аттанып, Нарын д-нын жээгинде жашаган кыргыздарды чаап кеткенде, К. б., Йол-Болду бий ж. б. артынан барып, Ак-Сайда хандын колуна сокку берген. К. б. ж-дө маа­лымат анын Кашкар ш-на аким болушу, би­рок, хандыкка Исмаил келгенде аны түшүрүп, ордуна К. б-дин уулу Күчүктү дайындашы м-н аяктайт. Көп узабай Сузук, Касым ж. б. бектер козголоң уюштуруп, К. б-ге кошуп 25 кишинин башы алынган.



Ад.: Тарих-и Кашгар. Материалы по истории кыр­гызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.

Т. Асанов.