КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА
КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА – Каракалпак Респнын (Өзбекстан) Төрт-Көл р-нундагы байыркы шаар калдыгы. Б. з. ч. 4 – б. з. 4-к-нын башы-

на таандык археол. эстелик. Кызыл-Кум чөлүндө жайгашкан. 1950-, 1952–57-ж. К. К. К-да археол. казуу жүргүзүлүп, кангюй уруусунун мадтына мүнөздүү табылгалар ж-а арх-ралык эстеликтер, чарба имараттарынын калдыктары табылган. К. К. К. калыңдыгы 7 м төрт чарчы дубал м-н курчалган. Дубалдын ортосуна жайгашкан бийикт. 8,5 м, айланасы 44,5 м мунара түрүндө салынган эки кабат күмбөз-храмдын калдыгы айрыкча кызыгууну туудурат. К. К. К-дан байыркы жазуулардын үлгүсү, карапа идиштер, сыйынуу статуэткалары ж. б. тиричилик буюмдарынын калдыктары да табылган. К. К. К-ны орус археологу, этнографы С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм экспедициясы изилдеген.