КОЙ ЖАЛБЫРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ЖАЛБЫРАК (Ligularria) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийикт. 50– 150 смге жеткен көп жылдык чөп. Сабагы жоон, тик өйдө өсөт, түктүү же түксүз. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, саптуу, жээги тегиз, кээде тишчедей майда тилкелүү; формасы бөйрөктөй же сүйрү, уз. 10–50 см, туурасы 1,5 – 25 см. Себетчелери майда же ири (диаметри 10 – 30 мм). Алар сабактын учунда бирден же бир нечеси биригип калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Желекчелери сары түстө. Себетчеде­ги тегерек гүлдөрү тилчедей, бир же эки жыныс­туу. Гүл ороочтору эки катар. Аталыгы 5, энели­ги 1. Мөмөсү – данча, ал ак, киргилт сары, кү­рөң же кызгылт, үкүчөлүү. Жер жүзүндө 150 түрү белгилүү, алар Чыгыш ж-а Борб. Азиянын мелүүн аймактарында, Европада таралган. Кырг­нда бөксө тоодон тартып, бийик тоого чейинки шалбаа, токой, бадал арасында, суу, булак, көл жээгинде, саздак жерде өсөт. Силос катары маа­нилүү.