КОЗУ КАРЫНДАР
КОЗУ КАРЫНДАР (Fungi, Mycota же Myсe- talia) – тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосинтези жок, даяр орг. заттарга муктаж, осмотрофтуу гетеротроф организмдер. Көпчүлүк К. к-дын вегетация денеси мицелий түрүндө ичке, узунунан өсүп бутактануучу жипчелерден (гифтерден) же бүчүрлөө жолу м-н көбөйүүчү тоголок, жумуру клеткалардан (ачыткы козу карын), эң жөнөкөйлөрүнүкү кабыксыз протоплазмадан турат. К. к. бир клеткалуу (жөнөкөй) ж-а көп клеткалуу (татаал) болуп бөлүнөт. Клеткасы целлюлоза, хитинден турган калың кабык м-н капталган. К. к-да вегетация денесинен (мицелийден) башка тукумдук дене пайда болот да, андан споралар калыптанат. Көбүнчө жыныссыз жол м-н көбөйөт. Жыныс жолу м-н көбөйүүсү споралар аркылуу жүрөт. Споралар бир же көп клеткадан туруп, түрдүү формада ж-а түстө болот. Азык субстратына жараша мителер, сап-

рофиттер ж-а симбионтторго бөлүнөт. Мителери (грибоктор) адам, айбанат ж-а өсүмдүктөрдүн оорусун козгойт. Сапрофиттер өлгөн ткандын

орг. заттары м-н азыктанат. Симбионттор гүлдүү өсүмдүктөрдүн тамыры м-н микоризаны, балырлар м-н бирге жашап, эңилчектерди пайда кылат. Табиятта көпчүлүк К. к. узакка жашай албайт. Мицелийи бир нече суткада өөрчүп, спораны пайда кылат да, өзүнүн өсүшүн токтотот. Көп жылдык мицелийлүү К. к. да бар. Көбүнүн споралары кургакта ондогон жылдар тиричиликке жөндөмдүүлүгүн сактайт. К. к. царствосу 3 бөлүмдөн турат. Кадимки К. к-дын 4 классы (фикомицеттер, аскомицеттер, базидиомицеттер ж-а жетилген К. к.), 100 миңден ашык түрү бар. Кырг-нда К. к-дын 2100дөн ашык түрү белгилүү, а. и. тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. К. к-дын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз ж. б.) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон к-тасы ж. б. алынат. Ачыткы К. к. нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, тех. өсүмдүктөрдү чиритет.
Ад.: Лессо Т. Грибы Определитель. М., 2003;
Морфнина О. Е. Антропогенная экология косвенных грибов. М., 2005.
Ж. Карабекова.