«КОЖОЖАШ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОЖОЖАШ» – кыргыз эл дастаны. Кожожаш мерген ж-дөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-леген­далардын мазмунуна караганда, айылдан чык­кан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учур­да жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «К.» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдык­турмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруу­сунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки м-н эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Мол­дожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-се­зиминде реалисттик таанымдын мифол. ой жү­гүртүү ж-а диний ишенимдер дин жуурулушу­нан жаралган деп болжоого болот. Дастанда өзгөчө адам баласы м-н жаратылыш ортосунда­гы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адам­дын билгенден билбестикке ташталган кадамы­нын түбөлүктүүлүгү ж-а анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. «К-тын» үч варианты бар. Биринчи вариан­тын 1923-ж. К. Мифтаков С. Конокбаевден жа­зып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин ай­туусу б-ча кагазга түшүрүлүп, 1938-ж. жарыкка чыккан; үчүнчү варианты 1949-ж. фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айыр­ма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү ж-а об­раз жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «К.» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жо­мок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «К-тагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүн­дөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-ж. «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (реж. Т. Океев). 1985-ж. Берлинде өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйл. татыктуу болгон.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.