КОБАН МАДАНИЯТЫ
КОБА́Н МАДАНИЯТЫ – Түн. Кавказдын борб. бөлүгүндөгү коло кылымынын аягы – темир кылымынын башына таандык (б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымы) археол. эстелик. Түн. Осетиядагы Кобан кыш-нын атынан аталган. К. м. көрүстөндөр, турак жайлар ж-а буюм калдыктары м-н илимге белгилүү. К. м-нын адамдары өлүктөрдү бүгүп, таш үкөктөргө салып, ар кандай тиричилик буюмдары – канжар, уңгулуу коло балта, спираль түрүндөгү билерик ж. б. м-н бирге көмүшкөн. Алар кээ бир буюмдарын «айбандар стили» деп аталган скиф иск-восунун ыкмасында кооздоп жасашкан. К. м-нын адамдары уруу-уруу болуп, кичинекей кыштакчаларда жашаган. Булардын арасынан Змей-

ский журту айрыкча белгилүү. Мал чарбачылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык м-н кесип кылышып, тоо кендерин да иштете билишкен. Уруу жол башчыларынын колунда байлык топтоло баштаган. К. м-нын адамдары Алдыңкы Азия ж-а Днепр бойлорунда жашаган элдер м-н маданий, экон. байланышта болушкан.