К-МЕЗОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

К-МЕЗОНДОР , к а о н д о р – спини нөлгө, мас­сасы 970 электрондун массасына барабар эле­ментардык бөлүкчөлөр тобу. Бул топко заряд­далган эки (К+) (энергетикалык масса бирди­ги К+–493,7 МэВ, К0–497,7 МэВко барабар), эки туруксуз (К0, К 0) К-м. ж-а антибөлүкчөлөр (К+ ж-а К 0) кирет; Алар өз ара күчтүү аракеттен­гич, б. а. адрондор деп аталат. К-м. биринчи жолу космос нурларынын курамында байкалып (1947–51), кийинчерээк (1954) заряддуу бөлүкчө­лөрдүн ылдамдаткычтарынын жардамы м-н алынган. Заряддуу К-м-дун заряды электрондун зарядына барабар. Алар ажыраганда n ж-а 1"0 мезон, электрон, позитрон ж-а нейтрондор пай­да болушу мүмкүн. К-м. нуклондордо жутулуп, сигма (cr) гиперондорду пайда кылат. К-м-дун ачылышы элементардык бөлүкчөлөр ж-дөгү тү­шүнүктү кеңейткен.