КЛИЧКО 1
КЛИЧКО́ Виталий Владимирович (19. 7. 1971- ж. т., Кырг-н, Москва р-ну, Беловодский айылы)

– украин профессионал бокс чебери. Бир тууган К-лордун улуусу. Атасы аскер кызматкери болгондуктан, үй-бүлөсү1985-ж.Украинагакеткен. К. 14 жашынан бокс м-н алектенген. WBO ж-а WBC версиялары б-ча оор салмактагы профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону. Европанын, континент аралык ж-а кикбоксинг б-ча дүйнөнүн 6 жолку (4 жолу профессионалдар, 2 жолу спортту сүйүүчүлөр арасында) чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын К. 1996-ж. Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, К. Бёрд, Л. Льюис, К. Сандерс сыяктуу бокс чеберлери м-н таймашкан. Ал профессионалдык рингде 39 жолу беттешип, 37синин 36сын нокаут м-н жеңген (2009); 26 таймашты эң аз раундда нокаут м-н жеңген оор салмактагы 1-дүйнө чемпиону катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 2004-ж. боксту таштап, 2008-ж. кайтып келген. 1998–2003-ж. эл аралык «Спорт-XXI» спортту өнүктүрүү фондусун жетектеген. Украина Баатыры, Украинанын «Эрдик» ордени м-н сыйланган.
Р. Аманкулов.