КЛИНОПИСЬ
КЛИ́НОПИСЬ – шарттуу белгилер (сүрөтчөлөр) же идеограммалардан (к. Идеографиялык жазуу) турган жазуунун бир түрү. Шынаа формасына окшош болуп тилкесинен жазылган. Шумер ж-а ассириялыктардын байыркы жазуулары. К. Алдыңкы Азияда колдонулган. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта шумерлер нерселерди ж-а жалпы түшүнүктөрдү К. түрүндө жаза башташкан. Белгилердин саны миңдеп саналган. Мис., жылдызды билдирген белги кудайдын атын да (dungir), асманды да (an) ж-а муунду да (an) туюндура алган. Ошентип муундук жазуу башталган. Атоочтук же этиштик негиз анда идеограмма м-н (түшүнүк белги м-н) туюндурулган. Түрдүү маанини туюндурган бирдей аталыштагы негиздер (омофония) ар башка белгилер м-н жазылган. Ар бир белги бир нече мааниге ээ болгон. Жазуунун өнүгүшү м-н белгилердин саны 600гө чейин азайып, сүрөттөр жөнөкөйлөштүрүлгөн. К. жазуусу алгач оңдон солго өйдөдөн ылдый жазылган. Кийин солдон оңду карай жазыла баштаган. Флективдүү семит тилинде сүйлөгөн аккаддыктар (аккаддыктар ж-а ассириялыктар) б. з. ч. 3-миң жылдыктын ортосунда К. жазуусун өздөштүрүшкөн. Алар белгилердин санын 300гө чейин азайтып, аккаддыктардын фонет. жагдайына ылайык муундук жаңы маанилерди түзүшкөн. Сөздөрдү жазууда фонет. (силлабикалык) жазууну колдонушкан. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымында аккаддык түзүлүштөгү К. элам, хуррит, хетт – лувий, урарту тилдеринде сүйлөгөн элдерге тараган да, диний ж-а юрид. максатта колдонулган. К. жазуу эстеликтеринин формасы ар түрдүү (мис., призма, цилиндр, таш такта, конус түрүндө). Кеңири тараган К-тин эң көп сакталган түрү чопо такталардагы тарыхый жазуулар, эпос, сөздүк, ил. эмгек, документ, диний-магиялык тексттер.