КЛИМАТТЫК КАРТАЛАР
КЛИМАТТЫК КАРТАЛАР – белгилүү бир аймактын климаттык шарттарын, өзгөчөлүктөрүн, о. эле аны пайда кылуучу атм. процесстерди (мис., циклондор м-н антициклондордун кыймылы) чагылдырган карталар. Көп жылдык, сезондук, айлык маалыматтардын негизинде түзүлүп, көпчүлүк учурда изосызыктардын жардамы м-н чагылдырылат.