КЛЕМЕНЦ
КЛЕ́МЕНЦ Елизавета Николаевна [1859 (1854), Красноярск – 4. 1. 1914, Москва] – байыркы түрк жазуу эстеликтерин ачкандардын бири, ботаник, Д. А. Клеменцтин аялы. Казандагы Радион ин-тун ж-а Санкт-Петербургдагы (1884) Бестужев курстарын (табият-тарых бөлүмүн) бүткөн. 1884-ж. Минусинскидеги жерг. аялдар прогимназиясынын башчысы болгон. 1887-жылдан күйөөсү Д. А. Клеменцтин бардык экспедициясына катышып, ботаника бөлүмүн жетектеген. 1897-ж. Түн. Моңголияга барган учурда Тонйукукка арналган эстеликти тапкан.
Ад.: Адрианов А. В. (некролог). Памяти супругов Клеменц//ИВСОРГО. Т. 45. СПб., 1917.