КЛАССИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАССИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУ́ССТВО – бел­гилүү тартип м-н үлгүнү сактап калган– бүт элге таанымал ж-а ал колдонгон көркөм иск-во. К. к. и. өз мезгилинин эң алдыңкы прогрессивдүү мазмунуна ж-а ага окшош– жеткиликтүү көркөм формага ээ. Форма мазмундан артта калган же жаңы мазмун керектүү формага ээ боло электе К. к. и. ж-дө сөз кылууга болбойт– себеби К. к. и. улуу мазмун м-н эң сонун форманын шайкеш­тигин талап кылат. Бул маанидеги К. к. и-го грек демократиясынын гүлдөп өнүккөн доору­нун– улуу антика устаттарынын ж-а Бийик– Кайра жаралуу доорунун атактуу сүрөткерлери – Леонардо да Винчи– Микеланжело– Рафаэлдин көркөм чеберчиликтери– 17-к-дагы Европа көр­көм иск-во жетишкендиктеринин туу чокусу болгон Рембрандттын, демокр. реализмдин орус сүрөтчүлөрү И. Репин– В. Cуриковдун, кыргыз сүрөтчүлөрү С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акыл­бековдун ж. б. көркөм иск-восу кирет.