КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ
КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ – заттын бир фазадан экинчи фазага өтүү (буулануу, эрүү, сублимация – айдап чыгаруу, полиморфтук айлануу ж. б.) кубулуштарына тиешелүү термод. теңдеме. Бул теңдемени биринчи жолу Б. Клапейрон түзгөн, немис физиги Р. Клаузиус кайрадан иштеп чыккан. К.–К. т-не ылайык тең салмактуу өтүүчү процессте фазалык өтүүнүн жылуулугу төмөнкү туюнтма м-н аныкталат: L=T (dp/dT)Ч (V2–V1), мында T – фазалык өтүү темп-расы, (V2–V1) – фазалык өтүү кезиндеги көлөмдүн өзгөрүшү, dp/dT – фазалык тең салмактуулук сызыгында темп-ра б-ча басымдан алынган туундунун мааниси. Бул теңдемени 1834-ж. Б. Клапейрон суюктук м-н жылуулук тең салмакта турган конденсацияланган бууга Карно циклин анализдеп, колдонуу жолу м-н алган. 1850-ж. Р. Клаузиус бул теңдемени термодинамиканын экинчи законунун негизинде кайрадан иштеп чыккан. Фазалык өтүү ж. б. үчүн жалпылаган. К.–К. т. жылуулук чыгаруу же жутуу м-н коштолгон бардык фазалык өтүүлөргө колдонулат. К.–К. т-нин жардамы м-н буулануу жылуулугу эсептелет, анткени ал тажрыйбада өтө кыйынчылык м-н өлчөнөт.