КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ ӨРӨӨНҮ Түркстан кырка тоосунун чыгышында. Исфара суусунун алабында, Мат­ча ж-а Каравшин тоолору м-н курчалат. Бат­кен р-нунун аймагында. Уз. 30 кмдей, жазылы­гы 3–10 км. Баш жагы деңиз деңг. 3200–3600 м, төмөн жагы 2500–2600 м бийикте жайгашкан.
Өрөөндүн эки капталы бирдей тик, кууш кап­чыгайлуу, корум таштуу, кум шагылдуу. Бийик тоо арасындагы синклиналдык жаракадан орун алган. Палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 21,9°С, январдыкы –10...–15°С. Жылдык жаан-чачыны 250–350 мм. Тоолорунда Миң-Теке, Кишемиш мөңгүлөрү бар. Негизинен тоолуу талаа ж-а сей­рек токойлуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Шалбаа өсүмдүктөрү ж-а токой да кездешет.