КИЧИ ЗОНД АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЗОНД АРАЛДАРЫ Малайя архипелагы­нын түш. бөлүгү, негизинен Индонезиянын ку­рамында. Инди океаны, Бали, Флорес, Банда, Саву, Тимор деңиздери м-н чулганат. Ири арал­дары: Бали, Сумба, Сумбава, Флорес, Тимор. Уз. 1300 кмдей, аянты 128 миң км2. Тоолуу рельеф басымдуу; жанартоолор да көп (бийикт. 3726 мге чейин, Ринжани жанар тоосу). Клима­ты субэкватордук, муссондук. Жалбырагы кү­бүлмө тропиктик токой ж-а саванна өсөт. Шалы, татымал өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат.