КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түш. жээгинде, Кичи Жаргылчак суусунун сол өйүзүндө, Бишкек – Каракол автомобиль жолу­нун боюнда, деңиз деңг. 1649 м бийикте жай­гашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 31 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекети­нен 160 км. Калкы 2494 (2007); негизинен мал м-н алектенет ж-а карагат теришет. Орто мек­теп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү ж. б. бар.