КИЧИ АЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ
КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ Кичи Азия ж. а-нан орун алган, Түркияда. Уз. 1200 кмдей, туурасы 600 кмге чейин. Басымдуу бийикт. 800– 1500 м. Ички бөлүгүн Анадолу бөксө тоосу, түндүгүн Понт тоолору, түштүгүн Тавр тоолору ээлейт. Эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия ж. а-нын батыш бөлүгүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймактарында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоолордун сыртка караган капталдарында токой ж-а жер ортолук деңиздик бадалдар өсөт.