КАТУУ БУУДАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУ БУУДАЙ (Triticum durum L/) – буу­дайдын түрү. Эгилген аянты боюнча буудай түрлө­рүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. Катуу буудай күздүк ж-а жаздык, ошондой эле кош сапаттагы формага ээ. Даны маша­гында тыгыз жайгашкан. Даны жумшак буу­дайдын данынан чоңураак, негизинен айнек сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат. Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.
Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жо­гору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты тө­мөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вер­мишель, кесме, шак, майда акшак алынат. Катуу буудай көбүнчө Россия, Казакстанда (катуу буудай өстүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кыргызстанда катуу буудай аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 цге чейин түшүм берет.

Г. Ф. Эшимкулова.