КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР
КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – айрым органдары ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). Каучуктуу өсүмдүктөрдүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана өнөр жайында керектелет. Каучуктуу өсүмдүктөр каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хлоренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырында) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алынат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактарынан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик каучуктуу өсүмдүктөр (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө өсөт.